ДИАПАУЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАПА́УЗА (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү ж-а форма түзүүчү процесстер­дин токтолушу м-н мүнөздөлгөн физиол. тереӊ тыным мезгили. Д-нын башталышы метамор­фозду ж-а өөрчүүнү иретке салуучу нейроэндок­рин системасынын өзгөрүүлөрү же өөрчүүгө тос­коол болуучу атайын гормондордун бөлүнүп чы­гышы м-н шартталат. Организмдеги Д. м-н өөр­чүүнүн муун алмашуусун мезгилдик цикл жа­ратат. Курт-кумурскаларда Д-нын башталышын шарттоочу маанилүү экол. факторлорго күндүн узактыгы ж-а темп-ра кирет. Д-нын токтолушу ж-а өөрчөөнүн калыбына келиши организмге төмөнкү темп-ранын же күн жарыгынын узак­ка таасир этүүсүнөн келип чыгат. Ар кайсы түр­дөгү курт-кумурскалардын Д-сы алардын тири­чилигиндеги белгилүү гана баскычтарга туш ке­лет. Алсак, курт-кумурскалардагы Д. эмбрион­дук ж-а имаголук болуп бөлүнөт. Д. учурунда организмдин сырткы ыӊгайсыз шарттарга бол­гон байымдуулугу артат.