ДААНЫШМАНДЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:50, 7 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДААНЫШМАНДЫК , г е н и й л и к, – улуу инсандын жаратмандык кудуретинин, чыгар­мачыл жөндөмүнүн эӊ жогорку, кайталангыс даражада ачылышы, сапаттык жактан жаӊы, нукура тереӊ, теӊдешсиз ажайып чыгармалар­ды жаратуу, мурда белгисиз жолдорун табуу менен эч ким бара элек бийиктиктерди ачуу жана анын туу чокусуна жетүү үзүрү. «Даанышмандык» терми­ни адатта адамдын инсандык керемет зээнинин, анын ажайып акыл дээринин кудуретин мүнөз­дөөчү, өнүгүүнүн өзүнчө бир доорун ачкан ажа­йып жаӊылык катары кабылданган улуу чы­гармага, ашкере кеӊ чабыттуу жаратман жөн­дөмдүүлүккө жана ишмердүүлүккө карата колдо­нулуучу сын-өлчөм. Тубаса нукура тереӊ зээндүү, ашкере жөндөмдүү даанышман адам талант­туулардан айырмаланып, ал шыктуулуктун жо­горку баскычына эгедер гана болбостон, өзүнүн эбегейсиз жаратмандык зор кудурети менен руха­ний дүйнөнүн бүтүндөй бир жаӊы башатын ач­кан кеменгерлигинде.