ДАМАСК
ДАМА́СК (ар. Д и м и ш к) – Сирия Араб Республикасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун этегинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,6 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн негизги соода-өнөр жай, финансы ж-а маданий борбору. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск ж-а Араб академиясы, университет, институттар (айыл чарба, политехникалык), калк китепканасы (Жакынкы Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (анын ичинде аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк (алтын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач египет фараондорунун 18-династиясынын документтеринде ж-а байыркы осуят китебинде маданий ж-а кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-жылы Темирландын аскерлери шаарды басып

алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөрчүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан О. Азияга (Самаркандга) алып келген. Б. з. ч. 11-к-дын аягынан б. з. ч. 732-жылга чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-ж. Омейяддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон империясынын курамында болгон. 1920–43-ж. Сириядагы Франциянын мандат м-н башкарылуучу аймагы. 1943-жылдан көз каранды эмес Сириянын борбору. Байыркы ж-а о. кылымдын архит-ралык эстеликтери – шаардын тарыхый ж-а маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка ж-а Ыйык Юпитер Дамасский (1-к.) колоннадасы, Омейяддар, Такия Сулаймания ж-а Дервишия мечиттери (8-к.), Нур-ад-дин госпиталы (12-к.), 12–13-к-дын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.