ДИВИДЕНД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИВИДЕ́НД (латынча dividendus – бөлүнүүчү) – ак­ционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгү‚ ак-


фирманын ишмердигинин жыйынтыгына көз каранды‚ артыкчылыктуу акцияларга мурун­тан аныкталат ж-а күндөлүк кирешелерге көз каранды эмес. Артыкчылыктуу акциялар кире­ше алуу жагынан анча опурталдуу болбогондук­тан‚ аларга Д. өлчөмү адаттагыдан азыраак бо­лууга тийиш. Бирок кадимки акциялардын ээси Д-ден тышкары акцияларды сатып алууда ж-а сатууда алардын курс уну н ай ырмасынын өлчөмүндө киреше алууга мүмкүнчүлүгү болгон­дуктан‚ иш жүзүндө тескерисинче болот. Акцио­нерге кирешелерди төлөө бардык салыктарды ж-а төлөмдөрдү мамлекеттин бюджетине‚ жерг. бюджетке‚ өндүрүштү өнүктүрүү фондун толтуруу­га‚ резервдерди түзүүгө облигациялар б-ча процент­терди ж. б. төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин нак­талай же акция м-н жыл сайын жүргүзүлөт. Биз-

дин өлкөдө чечкиндүү экон. реформалар акция­лары юридикалык жактар (ишканалар ж-а уюм­дар) ж-а жарандар арасында жайылтылуучу ак­ционердик коомдордун жаралышы м-н коштол­ду. Бул акциялар б-ча Д. акционердик ишкана­нын пайдасынын бир бөлүгү болгондуктан‚ кыз­маткердин өткөн эмгегинин кирешеси болуп эсеп­телет.