БОТВИННИК Михаил Моисеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 8 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТВ́ИННИК Михаил Моисеевич [04 (17). 08. 1911, РФ, Ленинград облусу, Куоккала (азыркы Репина) – 05. 05.1995, Москва] – шахматчы, техника илимдеринин доктору (1951), СССРдин гроссмейстери (1945), эл аралык гроссмейстер (1950), СССРдин эмгек сиӊирген спортсмени (1945). Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону (1948–1957, 1958–1960 жана 1961–1963). Шахмат теориясынын новатору жана шахмат боюнча бир нече эмгектин автору. Ленин жана башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.