ДАРЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 7 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРЧЫ – эки тирөөчкө керилген аркандын үс­түндө оюн көрсөтүүчү цирк артисти. Дарчы байыр­тадан эле Рим, Кытай жана Персияда болгон. Орто кылымда Орто Азияга, Кавказга, Европага, ки­йинчерээк Түштүк Америкага, XIX кылымдын 2-жары­мында Россияга тараган. Дарчы эл чогулган жы­йында музыканын коштоосу менен ачык аянттарда оюн көрсөткөн. Шартка жараша дардын би­йиктиги ар кандай болуп, аркан ар түрдүү мате­риалдан эшилет.

Дарчылар – бир тууган Сайракан жана Махмуд Су­банбековдор.

Кийинчерээк дарчынын оюну цирк артисттеринин программасына кеӊири кирди. Белгилүү дарчылар: орус дарчылары Свириндер, Тара­совдор (1920–1950), Хибиндер (1940–1950), Волжан­скийлер (1950–1970), өзбек дарчлары Ташкенбаев­дер (1940–1970), дагстандык «Цовкра» коллекти­ви (1930–1970). Кыргыз циркинде С. Байбориева, бир тууган С. жана М. Субанбековдор мыкты дарчылар катары таанымал.