ДЕЛЬФИНДЕР
ДЕЛЬФИНДЕР (Delphinidae) – киттер түркүмүндөгү тукумча. Денесинин узундугу 1,2–3 м, кээ бир түрү 10 мге жетет. Дельфиндердин жонунда сүзгүчү бар, тумшугу узун ж-а

тиши көп (70ке жакын). Сууда жакшы сүзөт. Үн чыгаруу органы, борбордук нерв системасы, булчуӊдары жакшы өөрчүгөн. Сырткы чөйрөдөн келген информацияларга сезгич. Дельфиндер колго тез үйрөнгөндүктөн, цирк ж-а лаборатория жаныбары катары океанариумда, дельфинарийде багылат. Дельфиндердин 48 түрдү бириктирген 20 уруусу бар.. Балык, моллюска ж-а рак сымалдар м-н азыктанат. 1966-жылдан КМШ өлкөлөрүнүн деӊиздеринде дельфиндерди уулоого тыюу салынган.