ДЕЛЮВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛЮ́ВИЙ (лат. deluo – жууйм), д е л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү – жаан-чачын суулары м-н агып же оордук күчүнүн таасиринен каптал ыл­дый кулап, тоо этегине жыйналган борпоӊ тоо­тек шилендиси. Делювийдин курамында чопо, кум, кырдуу кесек таштар аралаш жатат. Таштар­дын өлчөмү ар кандай, петрографиялык курамы Делювийдин үстүнкү кабатында жаткан кабаттуу чулу тоо­тектерге байланыштуу. Делювийде көбүнчө алтын, ка­лай, вольфрам ж. б. металлдардын чачынды кен­дери болот. Делювий чополору кыш даярдоодо кеӊи­ри пайдаланылат, к. Чөкмө тоотектери.