ГУМАНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУМАНИ́ЗМ (лат humanus – адамдык, адамгерчиликтик) – кеӊири мааниде алганда, бир жагынан – адамдын инсандык кадыр-баркын ардактоо м-н байланышкан көз караштар; тигил же бул коомдо жалпы коомчулук тарабынан түзүлгөн адамды урматтоо, сыйлоо салттары ж-а жөрөлгөлөрү; атайын тутунган ызаттоо мад-ты; экинчи жагынан, инсандын эркин болууга, өз өмүр жолун каалагандай тандап алууга, жекече жөндөмдүүлүгүн ачып чыгууга ж-а өнүктүрүүгө укуктуулугу ж. б. ж-дөгү нормалар жыйындысы. Тар мааниде: Кайра жаралуу доорундагы күрдөөлдүү маданий кыймылдын жалпы аталышы. Г. идеясынын узун-сабак тарыхы бар. Адамдык касиет, адамгерчилик мамиле тууралуу эзелтеден эле эл акылынын чордонунан түшпөй келет. Алгачкы жолу Г. идеясы кайра жаралуу доорунда (15–16-к.) калыпка салынган. Гуманисттер (Петрарка, Данте, Бруно, Шекспир ж. б.) адамдын жыргал турмушка толук укуктуулугун даӊазалашкан. Утопист-социалисттер (Оуэн, Сен-Симон, Фурье) элдин бардык катмарынын мүдөөсүн жактоого умтулушкан. Г-дин актуалдашуусу 1-дүйнөлүк согуштан кийин массалык кыргын салуучу куралдардын колдонулушунан улам өтө күчөдү. Гуманитардык кызматташуулар м-н бирдикте филантропиялык (адамды сүйүүчүлүк) иш-аракеттер кеӊири жайылууда. Дүйнөлүк масштабда тынчтык үчүн күрөш, акыркы эсепте, гуманитардык кыймыл да болуп саналат. Айрыкча 20-к-дын аяк ченинен Г-дин өнүгүүсүнүн шарттары демокр. коомдо түзүлөрү улам көбүрөөк байкалууда.