ДЕМОНОПОЛИ ЗАЦИ Я
ДЕМОНОПОЛИЗА́ЦИЯ – атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган ж-а монополиянын функциясын чектөөчү экономикалык саясаттын чегиндеги иш-чара жыйындысы. Демонополизация, адатта, мамлекеттин эки багытта жүзөгө ашырылуучу монополияга каршы саясатынын натыйжасы болуп саналат. Биринчи багыт рынокторду ырааттуу эркин коё берүүнү түшүндүрөт. Жөнгө салуунун бул ыкмасы монополияга каршы алдын алуу чарасы катары колдонулат. Ал ири бизнес үчүн пайдасыз болууну көздөйт. Ошону м-н катар эле чакан ж-а орто бизнести колдойт. Демонополизациянын экинчи багыты монополияга таасир этүү ыкмаларын бириктирет. Ал монополияга административдик көзөмөл чараларын камтыйт, анын ичинде‚ эгер монополияга каршы мыйзамдар аткарылбаса‚ бааны жөнгө салуу‚ продукциянын көлөмү ж-а сапаты‚ финансы санкциялары колдонулат. Кыргызстанда мамлекеттик монополизм үстөмдүк кылып келгендиктен‚ ал өзүнчө өзгөчөлүккө ээ‚ ошондуктан Демонополизация негизинен монополияга каршы тура турган атаандаш рынок структурасын түзүүгө ж-а өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.