ДЕНДРИТ
ДЕНДРИ́Т – сырткы түспөлү дарак бутагына окшош кристаллдык түзүлүш. Айрым минералдар, металл ж-а анын куймалары, жасалма кошундулар Дендрит кристаллдарынан турат. Кар крис-

таллдары ж-а айнекке тоӊгон муз да Дендритке окшоп кетет. Дендрит эриндилердин, буунун кристаллдануу процесси өтө тез жүрүп, тар ж-а илээшкек чөйрөдө өтүшүнөн пайда болот. Алтын, кү