ДЕПРЕССИЯ (медицинада)
ДЕПРЕ́ССИЯ (лат. depressio – төмөндөө, чөгүү, басылгандык) м е д и ц и н а д а – адамдын психикалык абалынын начарлашы ж-а кыймыл-аракетинин бузулушу м-н мүнөздөлгөн оору. Депрессияда көӊүл кош, маанайы пас болуп, тамак сиӊирүү начарлайт, уйку качат. Ал мээнин ж-а кан тамырдын бузулушунда, аракечтикте, баӊгиликте, климакс учурунда, айрым жугуштуу оорулардан кийин да болот. Өтүшүп кеткенде жашоого кызыкчылык жоголот, көӊүл чөгүп, жашоодон кечет. Оорулуу эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготот, үй-бүлөгө кайдыгер мамиле жасайт; чаржайыт, жай ойлонот. Оорулууда жүрөк өйүгөн, зээнди кейиткен, жагымсыз сезим пайда болот. Жеӊил депрессияда ички органдардын функциясы бузулат, ишке жөндөмдүүлүгү начарлайт, уйку качат. Кээде көӊүлү чөгөт, ачууланат, кыжырланат. Көп учурда картаюу алдындагы психоздун ж-а шизофрениянын, ошондой эле мания депрессиялык психоздун белгилери болот. Дарылоо психиатриялык ооруканаларда жүргүзүлөт. Амбулаториялык дарылоодо дары ж-а тамак-ашты врачтын көрсөтмөсү м-н гана ичүү керек. Дарылануу мезгилинде ичкилик ичүүгө такыр болбойт, андан жүрөк-кан тамыр системасынын иши бузулуп, коллапс болушу ыктымал.