ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИТИКА to ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА (лат. descriptivus – сыпаттоо, сыпаттама) – 20-кылымдын 30–50-жылдарында америка тил илиминде пай­да болгон лингвистикалык структурализмдин бир багы­ты. Тилди изилдөө ыкмалары структуралык принципке негизделген. Бирок европалык лингвистика структурализмдин багыттарынан бир кыйла олуттуу айырмачылыктарга ээ. Ал АКШнын коомдук-тарыхый, философия, тил илиминин өнүгүшүнүн тилдик шарттарынын өзгөчөлүү ча­гылдырылышы: позитивизм, прагматизм ж-а биховиоризм теориясынын жаралышы; жергиликтүү индейлердин тилин иликтөө салты; АКШда жа­шаган ар түрдүү иммигранттык топторго байла­ныштуу өтө орчун маселелер. Дескриптивдик лингвистика америкалык индей­лердин тилин иликтөөдөгү турмуштук талап­тан, башкача айтканда Л. Блумфильддин салыштырма-тары­хый тил илиминин ыкмаларын кыйшаюусуз колдонуусунан келип чыккан. Кийин англис, индевропа, түрк, семит тилдерин изилдөөдө өз ыкмасынын багытын сактоо максатында тилди окутуу ыкмасы м-н тыгыз байланыш жасаган. Дескриптивдик лингвистиканын принциптеринин өнүгүшү бир нече этап­ка бөлүнөт. Ошондой эле тилдин структурасынын фор­малдык элементтерин сыпаттап, дистрибуция­ны негизге алат. Натыйжада Дескриптивдик лингвистика тыбыштын комплексин тилге барабар коёт да, анын маани­син эске албайт. Дескриптивдик лингвистика ыкмасы тилдин тыбыш сис­темасын изилдөөдө кеӊири колдонулат.

Ад.: Глисон Г. Введение в дескриптивную лингвис­тику. М., 1959; Основные направления структура­лизма. М., 1964.