ДЕФЕКТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:11, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФЕКТОЛО́ГИЯ (лат. defectus – кемчилик ж-а ...логия) – майып ж-а кем акыл балдардын өсүү мыйзам ченемдерин ж-а өөрчүү өзгөчө­лүктөрүн, аларды окутуу ж-а тарбиялоо масе­лелерин изилдөөчү илим тармагы. Дефектологиянын түрлөрү: сурдопедагогика – дүлөй, начар уккан балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, тиф­лопедагогика – сокур, көзү начар көргөн бал­дарды тарбиялоо ж-а окутуу маселелерин, оли­гофренопедагогика – акыл-эси кем балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, логопедия – балдардын сөзүндөгү кемчиликтерди оӊдоо жо­лун изилдейт. Дефектология неврология, патофизиология, патопсихология, жалпы педагогика ж-а балдар психо­логиясы, электрфизиология, тил таануу ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Кемтиктүү балдар­ды атайын адистер – дефектологдор окутат ж-а тарбиялайт. Аларды окуу жайлардын атайын факультеттери, Кыргызстанда И. Арабаев атындагы КМУнун ал­дындагы педагогика институту даярдайт.