ДЕФОРМАЦИЯ (бузулуу, өзгөрүү)
ДЕФОРМА́ЦИЯ (лат. deformatio – бузулуу, өзгөрүү) – сырткы аракеттин же ички күчтүн натыйжасында нерсенин формасынын ж-а өлчөмүнүн өзгөрүшү. Бардык катуу, суюк, газ абалындагы заттар Деформацияланат. Деформация бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү күчтөрүн өзгөртүп, механикалык чыӊалыштын пайда болуусуна алып келет. Деформация механикалык күчтүн, жылуулуктун, магнит же электр талааларынын ж. б. аракеттин натыйжасында болот. Катуу нерсеге аракет кылган күч алынып ташталганда толук жоюлган Деформация с е р п и л г и ч т ү ү, толук сакталганы п л а с т и к ал у у, ал эми чала жоюлганы с е р п и л г и ч п л а с т и к а л у у деп аталат. Эгерде турактуу күчтүн аракети м-н Деформация убакыт боюнча өссө ж-а күч алынып ташталганда, процесс кайрылып нөлгө умтулса, аны и л э э ш к е к т ү ү Деформация дейт. Кристаллдагы Деформация механизмдеринин бири – дислокациянын кыймылы ж-а көбөйүүсү. Деформациянын жөнөкөй түрү – салыштырмалуу узаруу ж-а жылышуу. Өзөктүн же чөйрөнүн жипчесинин узундугунун өзгөрүүсүнүн баштапкы узундугуна болгон катышына барабар чоӊдук салыштырмалуу узаруу деп аталат: ε=(l–l0)/l0=∆l/l0, мында l0– баштапкы узаруу, ал эми (l–l )/l =∆l/l – салыштырмалуу узаруу болот. Бир чекиттен чыккан, өз ара тик бурчтуу эки жөнөкөй жипчелердин арасындагы бурчтун өзгөрүүсүн жылышуу дейт. Эгерде салыштырмалуу узаруу ж-а жылышуу бирден кичине болсо, Деформация кичине деп аталат. Деформацияны өлчөө (магниттик, электрдик, механикалык ж. б.) нерсенин белгиленген чекиттеринин ортосундагы аралыкты ж-а жаралган натыйжаны түз же кыйыр өлчөөгө негизделген. Деформациянын эӊ жөнөкөй түрлөрү – созулуу, кысылуу, ийилүү ж-а толгонуу.