ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ (Crinoidea) – омурткасыз жаныбарлырдын ийне терилүүлөр тибинин классы. Деӊиз түбүндө эркин жүргөн же бир нер­сеге бекип жашаган гүлгө окшош жандык. Денеси чөй­чөктөй, ортосунда оозу жайгашкан. Чөйчөкчө­нүн түбүнөн өсүп чыккан канатка окшош бу­тактанган сабактары м-н майда планктондорду кармап жейт. 700дөн ашык түрү бар. Тропик деӊиздеринде кеӊири таралган.