БӨГӨНӨК
БӨГӨНӨК (Оestrus Ovis) – чымындын бир түрү. Ургаачысы кой-эчкинин кеӊилжээрине (негизинен жайында) 600дөй жумуртка таштап, ал личинкага, кийин чымынга айланат. Малдын кеңилжээринде мителеген майда курттар э с т р о з ылаӊын пайда кылат. Ылаӊдаган кой-эчки башын көрүнгөн нерсеге кашып, бышкырат, тынчы кетип, таноосунан кан аралаш суу чыгат. Ылаӊ өтө күчөсө мал өлүмгө учурайт. Эстрозго каршы күзүндө (октябрь, ноябрь айларында) малдын ар бир таноосуна 15 млден хлорофостун 2%түү же үч хлорметафостун суудагы эритмеси куюлат. Бөгөнөк Кыргызстандын бардык жеринде кезигет, кой-эчкинин 76–96%и жабыркайт.