ДИАМАГНЕТИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:50, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАМАГНЕ́ТИК – сырткы магнит талаасында ага карама-каршы багытта магниттелген, башкача айтканда диамагнетизмге ээ болгон зат. Сырткы маг­нит талаасы болбосо диамагнетик магниттелбейт. Диамагнетиктин магниттик кабылдоочулугу дайыма терс ж-а сан мааниси боюнча өтө кичине болот (~10–6 – 10–5). Диамагнетикке инерттүү газдар, газ түрүндөгү азот, суутек, жарым өткөргүч кристаллдар – Si, Ge, металл­дар – Cu, Bi, Au, Ag ж. б. көптөгөн элементтер, ошондой эле органикалык ж-а органикалык эмес бирикмелер кирет. Диамагнетикти илимге М. Фарадей киргизген (1845).