ДИАФРАГМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАФРА́ГМА (гр. difphragma – тосмо) о п т и ­к а д а, о п т и к а л ы к с и с т е м а л а р д а (телескоп, микроскоп, фотоаппарат ж. у. с.) – жарык агымынын туурасынан кесилишин чектөөчү (ичкертүүчү) күӊүрт тосмо. Көпчүлүк учурда, күзгү, призма, линза ж. б. оптикалык нерселердин алкагы диафрагманын кызматын аткарат. Башка учурларда диафрагма – атайын жасалган өзүнчө түзүлүш. Оптикалык системага түшкөн жарык агымын өтө күчтүү чектөөчү диафрагма а п е р т у р а ­л ы к деп аталат. Фотографиялык объективде алардын жарыктанышты жылма өзгөртүү үчүн и р и с­ т и к диафрагма колдонулат. Диафрагманын өлчөмү, анын аба­лы сүрөттөлүштүн жарыктанышын ж-а сапа­тын, ачыктык тереӊдигин, оптикалык система­нын чечмелөө жөндөмдүүлүгүн, көрүү аймагын аныктайт. Диафрагманы кичирейтип, нурлардын агы­мынан аберрацияга алып келүүчү четки нурлар­ды жоготууга болот. Мында, сүрөттөлүштүн са­паты жогорулайт. Электрондук ж-а иондук оп­тикада диафрагма заряддалган бөлүкчөлөрдүн агымы­нын туурасынан кесилишин өзгөртүү үчүн кол­донулган тешикчелүү өткөргүч пластинка болот. Электр талаасына жайгаштырылган ж-а потен­циалга ээ болгон тегерек диафрагма окко симметриялуу жөнөкөй электр-статикалык линзанын ролун аткарат.

Ад.: Ландсберг Г. С. Оптика. 5-бас. М., 1981.