БОДЕН КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 31 Июль (Теке) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ДЕН КӨЛҮ Германия, Швейцария жана Австрия мамлекеттеринин чек арасында, Альп өндүрүндөгү мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон өрөөндөн орун алган. Аянты 538 км2. Тереӊдиги 252 мге чейин. Түндүк-батышы үчкө бөлүнөт. Жээктери дөбө-дөӊсөөлүү, түштүк-чыгышы аскалуу. Көлдөн Рейн дарыясы агып чыгат. Кеме жүрөт, паром байланышы бар. Балык кармалат. Курорттору бар. Жээгинде Констанц, Фридрихсхафен (Германия), Брегенц (Австрия) шаарлары жайгашкан.