ГУРОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУРО́Н – АКШ м-н Канададагы көл. Чоӊдугу б-ча Улуу көлдөр системасында 2-орунда. Аянты 59,6 миӊ км2. Тереӊдиги 208 мге чейин. Дарыялар аркылуу Жогорку ж-а Эри көлдөрү, Макино кысыгы аркылуу Мичиган көлү м-н туташат. Көлгө көптөгөн суулар куюп, андан Сент-Клэр д. агып чыгат. Декабрдан апрелдин аягына чейин тоӊот. Балык (сиг, лещ, жаян) кармалат. Кеме жүрөт. Башкы порттору: Сарния, Мидленд (Канада), Алпина (АКШ).