БИШКЕК ШААРДЫК ТЕЛЕФОН СТАНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ШААРДЫК ТЕЛЕФО́Н СТАНЦИЯСЫ – Бишкек ш-нын телефон тармактарындагы байланыш каналдарын коммутациялоочу тех. каражаттар тутуму жайгашкан мекеме. Бишкекте аскер горнизонун, штабын ж-а темир жол станциясы бириктирген 13 номерлүү бленкер коммутатору 1917-ж. орнотулуп, ал жерг. Телефон байланышын өнүктүрүүнүн башталышы болгон. 1954-ж. чейин шаардын телефон тармагында сыйымдуулугу 1400 номерлүү кол м-н тейленүүчү бир нече коммутатор иштеген. 1954-ж. Фрунзе ш-нда респ-да биринчи болуп 4000 номерлүү
[[File:БИШКЕК ШААРДЫК ТЕЛЕФОН СТАНЦИЯСЫ33.png | thumb | автоматтык телефон станциясы (АТС) орнотулган. 1966-ж. алгачкы АТСтин сыйымдуулугу 4900 номерге кеӊейген. 1967-ж. Модификациясы кыйла өркүндөтүлгөн 6400 номерлүү АТС-4 ишке киргизилген. 1969-ж. Чехия өндүрүшүнөн чыккан ПСК тибиндеги 1000 номерлүү координаттык станция биринчи болуп иштей баштаган. 1979-ж. 4000 номерлүү стационардуу координаттык АТС, 1983–93-жылдарда 55100 номерлүү 6 АТС ишке киргизилген. 1996-жылдан шаардык телефон тармагына учурдун талабына жооп берген Швеция өндүрүшүнүн жалпы сыйымдуулугу 27,0 миӊ номерлүү АХЕ-10 цифралык АТСи иштей баштаган. 2002-ж. 15088 номерлүү, 2003-ж. 20040 номерлүү цифралык АТС эксплуатацияга берилген. 2005-жылдын 1-январына карата тармактын станциялык сыйымдуулугу 192300 номерге жеткен. Б. ш. т. с. азыркы жаӊы техника м-н жабдылууда. 2006–07-жылдарда Б. ш. т. с-нын бүт тармагын толук модернизациялоо жүргүзүлүүдө.
А. С. Баратбаев, М. Ж. Жумабаев.