БИСКВИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:17, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСКВИ́Т (французча biscuit) – 1) Кондитердик полуфабрикат. Унга кант жана жумуртка кошуп жуурулган камырдан бышырылат. Печенье, торт жана башкаларды бышырууда пайданылат; 2) глазурь капталбаган фарфор. XVIII кылымдын жарымынан баштап бисквиттен айкелдик фигуралар жана башкалар жасалган.