ДИДИЭСЫ
ДИДИЭСЫ Наньчжу – кытай жылнаамаларында эскерилген кыргыз элчисинин аты. 843- жылдын 8-айында (29-август–27-сентябрь) аскер башчы Д. кыргыз каганынын атынан Тан империясынын (б. з. 7–10-к. Кытайдагы ири мамлекеттин аталышы) императору Уцзундун кабыл алуусунда болгон. Элчи кыргыз каганынын расмий катын тапшырып, белек катары эки ак боз аргымак тартуу кылган. Жооп катында Тан династиясынын императору кыргыз каганынын элчисин расмий деңгээлде өтө жогору даражадагы урмат-сый м-н үч ирет кабыл алгандыгын ж-а душмандары м-н мурунку биргелешкен күрөштү уланта берерин билдирген. О. эле Борб. Азия ж-а ага жамаатташ чөлкөмдөгү чекара коопсуздугуна күч-кубаттуу кыргыз кагандыгы тынчтыктын тиреги боло тургандыгы айтылган. О. Каратаев.