ДИДРО
ДИДРО́ Дени (5. 10. 1713, Лангр – 31. 7. 1784, Париж) – француз жазуучусу, философ-агартуучу, 18-кылымдагы Петербург ИАнын чет элдик мүчөсү (1773). 1732-жылы искусство магистри деген наам алган. «Энциклопедия же илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн түшүндүрмө

сөздүгүнүн» негиздөөчүсү ж-а редактору. Анын философиялык алгачкы чыгармалары деизм духунда жазылган. «Табиятты түшүндүрүү жөнүндө ойлор» (1754), «д’Аламбердин Дидро менен сүйлөшкөнү», «д’Аламбердин түшү» (1769), «Материянын жана кыймылдын философиялык принциптери» (1770) ж. б. филос. чыгармаларында Дидро материалисттик идеяны жактаган. Дидро «Салондор» ж. б. эмгектеринде классицизм өкүлдөрүн сындап, буржуазиялык турмуштун абалын так көрсөткөн. Айрым пьесаларында жакшылык м-н жамандыктын татаал диалектикасы көрсөтүлөт. 18-кылымдагы реализмдин эң жогорку баскычы саналган Дидронун прозасы клерикализмге каршы жазылган «Кечил аял» ж-а «Рамонун жээни» романдарынан турат. Бул романдар 18-кылымдын чегинен чыгып, 19-кылымдагы реалисттик романга жакындаган. Дидро агартуу ишине да чоң маани берген.