ГУС
ГУС Ян (1371, Гусинец – 1415, Констанца) – чех элинин улуттук баатыры, чех Реформациясынын идеологу. Дыйкандын үй-бүлөсүнөн. 1393-ж. Прагадагы Карл ун-тин бүткөн. 1396-ж. Ошол ун-ттин магистри, 1401–02-ж. эркин иск-волор ф-тинин деканы, 1402–04- ж-а 1409–10-ж. Карл ун-тинин ректору. Г. немецтердин ж-а католик чиркөөсүнүн зомбулугуна каршы Чехиядагы элдик кыймылдын идеологу болгон. Чех тилинде сүйлөгөн сөздөрүндө католик динчилеринин кыянатчылыгын, моралдык жактан кедери кеткенин ашкерелеп, адепки христиан дининин принциптерине кайтуу, жөнөкөй адамдар м-н

дин кызматкерлеринин укугун теӊөө талабын койгон. 1409-жылдан католик чиркөөсү м-н чыр-чатагы ырбап, Г. Констанца соборунун сотуна чакырылган. Император Сигизмунд Iнин Г-ка кол тийгизбөө ж-дөгү грамотасына карабай, Г. кармалган. Анын тирүүлөй өрттөлүшү гусчулардын рев-ячыл кыймылын баштаган. Г. чех элинин улуттук укугун, тилин ж-а мад-тын коргоп, чех орфографиясын системалаштырган. 1915-ж. Прага ш-нда Г-ка эстелик орнотулган.