ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНАСТИЯЛАР ТАРЫХЫ , ч ж е н ш и – кы­тай тарыхый чыгармаларынын бир түрү. Династиялар тарыхы бийликтеги династия кулагандан кийин жаңы династиянын императорунун буйругу боюнча жа­зылган. Б. з. ч. 2-кылымдан 20-кылымдын 20-жылдары­на чейин түзүлгөн чиси – Сыма Цяндын «Ши цзиси» («Тарых жаз­малары») алардын бардыгына үлгү болгон. Династиялар тарыхы 4 бөлүмдөн турган. Биринчиси (бэньцзи же дицзи) – императорлордун укум-тукумуна ж-а иштерине арналган; экинчиси (наньбяо) хро­нологиялык таблицалар; үчүнчүсү – экономика, геогра­фия, административдик түзүлүш, адабият, искусство ж. б. ар кандай маселелерге арналган өзүнчө трактаттар; төртүн­чүсү – (лечжуань) таржымалдар. Династиялар тарыхында ба­йыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу баалуу маалыматтар камтылган.