ДИОПТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 8 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИО́ПТРИЯ (гр. dioptēs – байкоо, ченөө), (дп, D) – линзанын ж. б. окко симметриялуу опти­калык системалардын оптикалык күчүнүн бир­диги; 1 дп – фокустук аралыгы 1 м болгон линзанын же сфералык күзгүнүн оптикалык күчүнө барабар. Нурду чогултуучу линзанын оп­тикалык күчү оң, чачыратуучу линзаныкы терс сан м-н туюнтулат, к. Көз айнек.