ГУСЧУЛАР КЫЙМЫЛЫ (1419–37)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУСЧУЛАР КЫЙМЫЛЫ (1419–37) – феодалдык эзүүгө, католик чиркөөсүнө, немец үстөмдүгүнө каршы чех элинин улуттук-боштондук күрөшү (согушу). Бул кыймылдын чыгышына чех дыйкандарынын феодалдык ж-а диний эзүүдөн тукулжурашы, католик динчил төбөлдөрүнүн паракорлугу, немец үстөмдүгүнүн күчөшү, шаар кедейлеринин жакырданышы ж. б. себеп болгон. 1415-ж. Ян Густун өрттөлүшү Г. к-нын чыгышына түрткү берип, элдин кыжырдануусун ого бетер күчөткөн. 1419-ж. 30-июлда гусчулардын Прагада немец католиктери м-н кагылышы Ян Желивский баштаган массалык көтөрүлүшкө айланып, алар шаарды алышкан. Г. к. ушундан улам башталган. 1419-ж. августтан (Вацлав IV өлгөндөн кийин) Чехияны улуттук-боштондук кыймылдын душманы, Германия императору Сигизмунд I сурай баштаган. Гусчулар ич ара эки топко – ортозаарлар (чашниктер) м-н радикалдарга (табориттер) бөлүнгөн. Чашниктерге бай кол өнөрчүлөр, пандар м-н рыцарлардын, дин кызматкерлеринин бир бөлүгү кирген. Алар немец феодалдарынын үстөмдүгүн жоюуну, чиркөөгө реформа жүргүзүүнү, анын жерин алууну ж-а Чехияда улуттук чиркөөнү түзүүнү көздөгөн. Табориттерге дыйкандар, шаардык плебстер, жарды дин кызматкерлери, майда дворяндардын бир бөлүгү, кол өнөрчүлөр кирген. Алар чиркөөнү бийликтен, байлыктан ажыратуу, феодалдык менчикти, артыкчылык укукту жоюу үчүн күрөшкөн. 1420-ж. апрелде папа Мартин V м-н император Сигизмунд I Чехияга каршы кресттүүлөр жортуулун баштап, Праганы курчап алышкан. Бирок Ян Жижка м-н Улуу Прокоп баштаган гусчулар 14-июлда Витково тоосунда баскынчыларды талкалаган. Айрым жеӊиштерге карабай, узакка созулган күрөш мамлекетти оор абалга дуушар кылган. Бул рыцарлар м-н бюргерлерди Сигизмунд I м-н жарашууга барууга түрткөн. Базель соборундагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз чыгып, чашниктер реакциячыл күчтөргө ачык эле кошулуп кеткен соӊ, 1434-ж. 30-майда Липандын жанында Улуу Прокоптун аскерлери жеӊилген, бирок табориттер 1437-ж. чейин күрөшүн токтоткон эмес.

Ад.: Рубцов Б. Т. Гуситские войны. М., 1955.