ДИССОЦИАЦИЯ
ДИССОЦИА́ЦИЯ (лат. dussociatio – ажыроо) – молекулалар, радикалдар же иондордун молекулалык массалары кичине болгон бир нече бөлүкчөлөргө ажырашы. Диссоциациянын 3 түрү бар: электролиттик диссоциацияда электролиттер эригенде алардын молекулалары иондорго ажырайт (КОН→К++ОН- ; фотодиссоциация жарыктын таасиринен, термиялык Диссоциация температураны жогорулатканда жүрөт. Диссоциацияны сан жагынан мүнөздөө үчүн Диссоциация даражасы колдонулат. Аны Диссоциацияга учураган (ажыраган) молекулалардын санын алардын жалпы санына болгон катышы аркылуу табат.