ДИСТРОФИЯ
ДИСТРОФИ́Я (дис... ж-а гр. trophe – тамактануу) – организмдин тамак сиңирүүсү, зат алмашуусу бузулгандан келип чыккан өнөкөт начарлашы. Жаш балдарда көп жолугат. Балдарды сапатсыз ж-а жетишсиз же ашкере тамактандыруудан, көпкө ачка болуудан, инфекциядан, уулануудан, ички секреция бездеринин туура эмес иштешинен пайда болот. Зат алмашуунун бузулушуна байланыштуу белок, май, углевод ж-а минерал Дистрофиясы деп бөлүнөт. Б е л о к Дистрофиясы клетка ж-а клетка аралык заттарга физикалык-химиялык ж-а морфологиялык жактан өзгөртүлгөн патологиялык белоктордун киришине байланыштуу. М а й Дистрофиясы май топтогучтарда майдын, ал эми ткандар м-н клеткаларда липиддердин сан ж-а сапат жагынан өзгөрүшү, алардын тийишсиз жерде пайда болушу м-н айырмаланат. Кахексия, атеросклероз, семирүү ж. б. ооруларга алып келиши мүмкүн. У г л е в о д Дистрофиясында полисахарид, гликопротеиддердин, м и н е р а л Дистрофиясында калий, кальций, темир, жез ж. б. заттардын алмашуусу бузулат. Анын белгилери: бала арыктап, начар өсөт, ичеги-карын иши, нерв системасы бузулат, организмдин түрлүү ооруларга туруктуулугу начарлайт. Оору себебине карата дарыланат. Эгер Дистрофия тамак-аш жетишпегенден болсо, ага кошумча, күчтүүлөп, витаминдүү тамактандыруу, массаж, дене тарбия сунуш кылынат. Дистрофиянын алдын алууну бала төрөлө электе эле, аял кош бойлуу кезден баштап, түрдөп тамактануусу зарыл.