ДИФРАКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФРА́КЦИЯ (лат. diffractus – сынган), 1) т о л к у н д у н Дифракциясы – толкундун тоскоолду айланып өтүү кубулушу. Дифракция бардык толкундар­да (үн, электр-магнит ж. б.) байкалат. Ал үчүн тоскоолдун өлчөмү тоскоолго урунган таралчу толкундун узундугу м-н чамалаш болууга ти­йиш. Дифракция кубулушунда толкун тоскоолдун кө­лөкө жагына карай ийилип өтүү м-н таралат. Үй далдасындагы адамдын үнү же башка добуш­тун угулушу да үн толкунунун Дифракциясы м-н түшүндүрүлөт, ошондой эле жер бетинин айланасын­дагы радиотолкундун Дифракциясы алыс жайгашкан антеннанын узун ж-а орто радио толкундагы сигналдарын кабыл алууга мүмкүндүк берет. 2) Р е н т г е н н у р у н у н Дифракциясы – заттын рентген нурунун толкун узундугун өзгөртпөй ча­чыратышы. Табигый дифракция торчосу бол­гон кристалл аркылуу рентген нуру өткөндө, Дифракция пайда болот. Анткени торчодогу атомдор ара­лыгы рентген нурунун толкун узундугуна чама­лаш. Толкундун Дифракциясы микробөлүкчөнүн табия­тын изилдөөдө зор мааниге ээ. Дифракция спектр при­борлорунда пайдаланылат.