ГҮЛДЕРЕК МРАМОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛДЕРЕК МРА́МОР КЕНИ Талас обл-нун Бакай-Ата р-нунда, Миӊ-Булак кыш-нан 4 км түн. тарапта, деӊиз деӊг. 1920–2143 м бийиктикте жайгашкан. 1985–88-ж. чалгындалган. Мрамор рифейдин аягында пайда болгон, орто кристаллдуу, декорациялуу, түстүү, тилкелүү ак, кара, боз (бозомук) жашыл тилкелерден турат. Орт. тыгыздыгы 2,74 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,46%, суу сиӊирүүсү 0,11%, кургак абалда басканда бектигинин чеги 94,96 МПа, сууга каныккан абалда – 86,08 МПа. I–IV топтош кондициялык блоктордун чыгышы – 23,56%, сайкалданган такталардын чыгышы – 13,9 м2/м3. Запасы: А+В–872 миӊ м3, А+В+С1 – 1269 миӊ м3.