ДИФФУЗОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФФУ́ЗОР 1) а э р о г и д р о д и н а м и к а­д а – каналдын (түтүктүн) газ, суюктук агымда­рынын ылдамдыгы азайып, басым жогорулоо­чу кең бөлүгү. Диффузор аэродинамикалык түтүктөрдө, суу түтүктөрүнө, аба-реактивдүү кыймылдаткыч­тын күйүү камерасына аба, газ, нефть, суу кирүү алдында аба агымын токтотуу үчүн колдонулат. Ф о т о т е х н и к а д а – өчүп бараткан сүрөттүн фотографиясын алууда колдонулуучу квадрат тордуу айнек пластинка. Ал фотоаппа­раттын же сүрөт чоңойткучтун объектисине бекитилет. 3) Э л е к т р а к у с т и к а с ы н­ д а – добуш чоңойткучтун акустикалык берүүсүн көбөйтүү үчүн конус формасындагы кагаз мембрана. 4) Т а м а к-а ш ө н ө р ж а ­й ы н д а – майдаланган катуу материалдан экстракция жолу м-н сиңимдүү заттарды бөлүп алуучу аппарат. 5) Ч о п о ө н д ү р ү ш ү н д ө – майдаланган бокситти суу агымы м-н жегичтен арылтуучу аппарат.