ДМИТРИЕВКА
ДМИ́ТРИЕВКА – Чүй обл-нун Ысык-Aта р-нундагы кыштак. Жээк айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Aта суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 735 м бийиктикте. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 5 км чыгыш тарапта. Кыштак 1882-ж. орношкон. Калкы 2593 (2006); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто ж-а жатак мектеп, клуб, ФАП, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт.