ДМИТРИЕВКА ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДМИ́ТРИЕВКА ЧОПО КЕНИ Чүй облусунун Кант районунда, Кант темир жол бекетинен 8 км түндүк-чыгыш­та, деңиз деңгээлинен 700–725 м бийиктикте жайгаш­кан. 1957–58-жылдарда «Средазгеолнеруд» трести ж-а Кыргыз ССРинин геология башкармалыгы чал­гындаган. Бир түрдөгү кумайлуу топурак, сар­гыч боз өңдө, Чүй суусунун 3-тектирин түзөт. Кумайлуу чопо арасында майда бүртүкчөлүү кум­дун катмарчасы кездешет. Пайдалуу катмарча­нын калыңдыгы 2,4–11,4 м. Кумайлуу топурак «500» маркадагы портланд-цемент алууда чопо­луу кошулма катары колдонулушу мүмкүн. Бе­китилген запасы (1959): А – 742 миң т, В–3143 миң т, С1 – 2138 миң т, А+В+С1 – 6023 миң т. Ачуу коэфф. 0,02 м3/т. Кант цемент-шифер заводу цемент чыгарууда пайдаланат. 1997-жылдын 1-янва­рына карата калган запасы: А – 617 миң т, В – 1925 миң т, С1–1303 миң т, А+В+С1–3845 миң т.