ДМИТРОВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДМИ́ТРОВКА , С у з а к - М а а л а – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Су­зак кыштагынан 7 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал- Абад темир жол бекетинен 2 км. Деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-жылы не­гизделген. Калкы 2844 (2006); негизинен таме­кичиликте эмгектенип, мал чарбасы м-н алек­тенет. Орто мектеп, ФАП ж. б. бар.