ДОБУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОБУЛ – атмосферадагы кубулуш; анда калың катмарлуу, жаанчыл-түрмөктөлгөн булуттарда же булут м-н жердин аралыгында жаркылда­ган электр заряддары – чагылган пайда болуп, күн күркүрөйт. Добул жүргөндө нөшөрлөп (кээде мөндүрлөп) жамгыр жаап, мөндүр уруп, алай-­дүлөй бороон-чапкын болот. Жаансыз Добул болушу да мүмкүн. Добул атмосферада фронттор арасында (фронт­тук) ж-а жер бетинен жылган жергиликтүү абанын не­гизинде (ички массалык) пайда болот. Жер ша­рында бир эле мезгилде 1800гө чейин Добул жүрүшү мүмкүн. Арктикада бир нече жылда бир жолу, мелүүн алкакта жылына ондогон күн болушу мүмкүн. Кургактыкта жайкы, океанда кышкы Добулдар үстөмдүк кылат. Айрым аймактарда (Түштүк-Чыгыш Азия, Борбордук Америка ж. б.) Добулдуу күндөрдүн саны 200 күндөн ашыгыраак болот.