ДОДОН
ДОДОН – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу. Ош – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 32 км. Кызыл- Кыя темир жол бекетинен 17 км. Калкы 1430 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.