ДОЗИМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЗИМЕ́ТРИ́Я (доза ж-а ...метрия) – колдон­мо ядро физикасынын бөлүмү. Дозиметрияда иондошту­руу, нурлануунун жандуу же жансыз нерсеге тий­гизген таасири изилденет ж-а аны мүнөздөөчү физикалык чоңдукту өлчөөнүн жолдору каралат. Дозиметрия иондоштуруучу нурлануунун зыяндуу таасири­нен адамды сактоо, башкача айтканда радиациялык нурла­нуунун дозасын өлчөө зарылдыгынан келип чыккан. Дозиметриянын негизги сандык критерийи – рентген бирдиги м-н ченелүүчү ж-а абанын ион­дошуу чоңдугу боюнча аныкталуучу экспозиция­лык доза. Радиация эффекттери ж-а чөйрө бө­лүкчөлөрүнүн иондоштурулушу нурлануунун жутулган энергиясына көз каранды. Радиация­нын ар кандай түрүн, дозасын ж-а заттар ка­был алган энергиянын бөлүнүшүн м и к р о д о­ з и м е т р и я изилдейт. Дозиметриянын өнүгүшү физикалык, химиялык ж-а радиобиологиялык изилдөөлөрдө, радиация­лык технологияда ж-а айлана-чөйрөнү коргоо­до чоң мааниге ээ.

Ад.: Иванов В. И. Курс дозиметрии. 2-е изд. М., 1970.