ДОЙБУ
ДОЙБУ , ш а ш к и – спорттун 64 (орус Дойбу) же 100 (эл аралык Дойбу) чакмактуу тактада 2 адам дойбу ташы м-н ойной турган түрү. Оюндун максаты – атаандашынын Дойбуларын жок кылуу же аларды жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калган абалга жеткирүү. Ар бир ойноочунун 12 (орус Дойбу) же 20 (эл аралык Дойбу) ташы (фишкасы) алга карай талаанын каалаган тарабына диагональ боюнча бир чакмакка алга жылдырылат. Атаандашынын ташын бош чакмакка алдыга же артка аттап өтүү м-н алып коюуга болот. Тактанын горизонталь боюнча акыркы катарына жеткен таш «дамка» деп аталып, диагональ боюнча

каалаган аралыкка жүрүү укугуна ээ болот. Дойбу жөнүндө алгачкы маалыматтар Байыркы Египет эстеликтеринде берилген. Дойбу боюнча алгачкы мелдеш 1894-жылы 100 чакмактуу тактада ойнолгон. Бул оюндун ар кандай түрлөрү орус, немис, испан (64 чакмактуу), француз, поляк (100 чакмактуу) Дойбулары кеңири таралган. Канада Дойбусу 30 таштан (тактасы 144 чакмактуу) турат. Дойбу кыргыз элинде да байыртадан эле ойнолгон. Кыргыз Дойбусу эки түрдүүчө 32 таштуу, 32 үч бурчтуу төрт чарчы сызыктан ж-а 64 таштуу, 56 чийинден турган, бирок кийинчерээк ойнолбой калган. Бүткүл дүйнөлүк федерациясы 1947-жылы негизделип, 40ка жакын өлкөнү бириктирет. Кыргызстанда Дойбу боюнча республикалык чемпионат 1-жолу 1935-жылы өткөрүлгөн. Азыркы учурда белгилүү чеберлер өсүп чыкты.