ДОЛГАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛГАНДАР (өздөрүн долган, тыа-кихи, саха деп аташат) – Красноярск крайынын Таймыр автоном округу ж-а Якутиянын Анабар районун­да (РФ) жашаган түрк тилдүү калк. Жалпы са­ны 7 миң киши (2004). Якут тилинин долган диалектисинде сүй­лөшөт . Х р и с т и а н дининин правосла­вие багытын туту­шат. Долгандардын этностук негизин эвенк (дол­ган, донгот, эдян, ка­ранто) топтору, якут, ненец, энец ж-а Тай­мырдын жергиликт кал­кы түзгөн. Долгандар төбөсү бугу териси м-н жа­былган, жыгач ала-

чыктарда жашашып, бугу өстүрүүчүлүк, аңчы­лык, балык уулоочулук м-н кесиптенишкен. Байыртадан өнүккөн кол өнөрчүлүгү бар. Бугу терисинен тигилген кийимдерге сайма түшүрүп, суу мончок, шуру м-н кооздошкон. Бугу ж-а ма­монттун сөөгүнөн оймолонуп жасалган буюм­дар кеңири пайдаланылган. Кийими – көйнөк, ыштан, суу мончок, шуру м-н саймаланган нооту чепкен (сырт кийим), башына нооту ка­пор, кышкысын бугу терисинен жасалган тон, бут кийим кийишкен. Тамак-ашы негизинен бугу эти, балык, ошондой эле чөп тамырларын колдо­нушкан.

Ш. Керимова.