ДОЛЖЕНКО
ДОЛЖЕ́НКО Виталий Николаевич (9.9.1935-жылы туулган, Алтай крайы, Самсонов кыштагы) – геолог, геология - минералогия илимдеринин доктору (1988), профессор (1993). Бүткүл союздук сырттан окуу политехника институтун (1962), Кыргыз ССР ИАнын геология институтунун аспирантурасын бүткөн (1968). Ошол эле институттун илимий кызматкери, ФПИнин проблемалык лабораториясында бөлүм башчысы, 1993–2000-жылдарда Кыргыз тоо-кен металлургия институтунда кафедра башчысы болуп иштеген. 110дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын автору. Илимий иштери негизинен геологияга ж-а геохимияга арналган.
Эмг.: Типы золотого оруднения в домезозойских толшах восточного Тянь-Шаня. Ф., 1990.