ДОЛИНКА (КАРА-ОЙ) БАТКАК КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛИ́НКА (КАРА-ОЙ) БАТКАК КЕНИ – Ысык-Көл районундагы дарылык касиети бар баткак жаткан жер. Ысык-Көлдүн жээгинде, Кара-Ой кыштагынын түштүк-чыгышында. 1957-жылы табылып, 1965-жылы запасы, дарылык касиети аныкталган. Кен көл түбүндөгү чөгүндүлөрдөн пайда болгон. Үстүнкү катмары (калыңдыгы 0,2–0,3 м) күкүрт­түү суутек жыттанган кара түстөгү ылай баткак­тан, асты бозомтук кара (0,3 м) ж-а боз (0,2 м) ылайдан турат. Алардын астында кум ж-а кум­ топурактуу ылай жатат. Баткак аз минералдаш­кан (4,7 г/л), күкүрт суутектүү (100 г баткакта­гы Н2S 75 мг/лге жетет). Баткактын нымдуу­лугу 43–53%, 0,25 ммден чоң өлчөмдөгү бүртүк­чөлөр м-н булганышы 0,2 %тен ашпайт. Салыштырма салмагы 1,4–1,5. Аянты 2200 м2, орточо калыңдыгы 0,7 м. Запасы 74,6 миң т.