ДОЛОМИТ
ДОЛОМИ́Т (фр. геолог Д. Доломьёнун ысмынан) – 1) карбонаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CaMg(CО3)2. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү түссүз, агыш боз, жашыл, кызгылт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5 – 4, тыгыздыгы 2,9 – 3,2 г/см3. 2) Негизинен (90%тен ашык) доломит минералынан турган карбонат тоотеги. Доломит 50 – 90 %ти түзсө а к и т а ш т у у Доломит, андан азыраак болсо д о л о м и т т е ш к е н а к и т а ш т е г и деп аталат. Доломит тоотегинде кальцит, ангидрит же

гипс учурайт. Доломит э к з о г е н д и к ж-а э н д о г е нд и к деп эки топко бөлүнөт. Доломит экзогендик шарттарда акиташ тегинин диагенездик (к. Литогенез) өзгөрүүсүнөн туздуу бассейндерде пайда болуп, акиташ теги, чопо ж. б-нын калың катмарларынын арасында катмар, линза, кристаллдардын чогундусу түрүндө да жатат. Экзогендик Доломит акиташ тегинин эпигенездик доломиттешүүсүнөн да келип чыгат. Эндогендик Доломит гидротерм ж-а гидротерм-метасоматоз процесстеринин натыйжасында пайда болуп, серпентиниттерде, тальктуу ж-а өзгөрүүлөргө учураган негиздүү, ультранегиздүү тоотектерде тарам ж-а ар түрдүү формадагы тулку ж-а штокверг түрүндө учурайт. Доломит курулуш ишинде, металлургияда (отко чыдамдуу кыш жасоодо ж-а магний металлын алууда), химия өнөр жайында, айыл чарбасында ж. б. колдонулат.