ДОЛОН (ашуу)
ДОЛОН – Ички Теңир-Тоодогу ашуу; Байдулу ж-а Соң-Көл тоолорунун кесилишинде. Сары- Булак ж-а Кичи Кара-Кужур сууларынын алабын бөлүп турат. Бийиктиги 3030 м. Ашуу антропогендеги тектоникалык кыймылдын тездешинен жогору көтөрүлгөн. Айланасындагы чокулар ашуудан 200 – 300 м көтөрүңкү. Ашуудан өткөн жолдун рельефи анча татаал эмес. Сары-Булактын өрөөнү жак капталы жантайыңкы, Кичи Кара- Кужур капчыгайына тик түшөт. Тоолор негизинен ортоңку ж-а үстүнкү девондун кызыл түстүү кум, шагыл, сланец, акиташ теги ж-а үстүнкү карбондун трахит, базальт, дацит-липариттүү порфирит, туф тектеринен турат. Айланасынын табияты кооз. Ашуу аркылуу Биш-

кек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Географиялык терминологияда «Долон» кыр, жал, кырка, тилке дегенди билдирип, топонимдердин аталыштарында колдонулат.