ДОЛОН БИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОН БИЙ – кыргыздардын санжыралык-ге­неологиялык маалыматтарында айтылган түпкү атасы. Ферганалык молдо Сайф ад-Дин Аксыкенти­нин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу кол жазмасында Долон бий м-н кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бий­лердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача гана маалыматтар айтылат. Анда Долон бийдин Ак уул ж-а Куу уул аттуу балдары бо­луп, алардан тараган тукум кыргыздын оң ж-а сол деген эки канатын түзүшкөн. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Те­ңир-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты аталып калганы эскерилет. 16-кылымдын та­рыхый дареги «Тарих-и Рашидиде» Долон то­понимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан.

Т. Асанов.