ДОМЕН
ДОМЕ́Н (фр. domainе, лат. dominium – ээлик, облус, чөйрө) – каталогдун жалпы базасын колдонуп, тармактын бөлүгүн түзүүчү компьютерлер тобу. Ал белгилүү эрежелери ж-а процедурлары бар жалгыз объект катары башкарылат. Ар бир Д. өзүнө гана тийиштүү ат м-н аталат. Active Directory Д-и – Windows тармагынын администратору (башкаруучусу) аныктаган компьютерлер тобу. Бул компьютерде берилиштер каталогунун жалпы базасы, коопсуздук ж-а Д-дер арасындагы ишенимдүү катыш саясаты колдонулат. Active Directory Д-и башкаруучу колдогон колдонуучулар м-н топтордун эсеп жазылышы борборлоштурулган топко жетүүнү камсыз кылат. Active Directory «дарактары» бир нече физ. орунду камтыган бир же бир нече Д-ден турат. DNS Д-деринин аталыштары көбүнчө Active Directory каталог кызматынын Д-нин аттарына дал келет. К. Т. Осмонов.