ДОМЕН АТАЛЫШТАР СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМЕ́Н АТАЛЫШТАР СИСТЕМАСЫ (Domain Name System) – интернет тармагындагы ком­пьютерлердин өтө сейрек учуроочу аталыштар тобу. Домен аталыштары чекит м-н бөлүнгөн доменден турат, мисалы, www.уander.ru. аталыш­тагы домен саны чектелген эмес. Домендер өсүү тартиби боюнча солдон оңго жайгашат. Жогорку деңгээлдин домендеринин мааниси интернетте стандартташтырылган, алар: соm – коммерция­лык уюмдар; edu – окуу жайлар; net – тармак ресурстары; org – уюмдар; ru – Россия ж. б. Компьютердин домен аталышы – бул «логика­лык адрес», ал тармактын физикалык уюму м-н эч бай­ланышпайт. Ушунусу м-н IP-адрестен айырма­ланып турат. Ар бир оруну 4 бөлүктөн турган сандык интернет протоколу (ИП) интернеттин адреси. ИПтин биринчи бөлүгү географиялык ордун, экинчиси мекемени, үчүнчүсү компьютердик топ­ту, акыркысы компьютердин аталышын бил­гизет. Домен аталыштар системасы колдонуучунун интернеттин бар­дык ресурстарына жөнөкөй ж-а тунук кайры­луусун уюштурат. Система каалаган ресурсту же­ңил эстеп калгандай домен аталышын түзүүгө багытталган. Домендин тексттик аты аймактык ат болуп, өз аты ж-а машина аты сыяктуу бө­лүктөн турат. Аймактар мекемелик (com, edu, gov, mil, net, org) ж-а географиялык (au, by, ca, ru, kg) болуп бөлүнөт. Домен аталыштарын атайын ме­кемелер каттайт. Ал үчүн мурдатан аракеттен­ген домен администраторуна кайрылуу керек. Домен атын каттоо өз алдынча сервер көрсөт­мөлөрүн окуп-үйрөнгөн соң аткарылат.

А. Өмүралиев.