ДОМИНАНТТУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:18, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМИНАНТТУУЛУК – гетерозиготалуу особ­дун белгилерин аныктоодо гендин бир аллели экинчи аллелдин катышуусун чыгарбай басым­дуулук кылуусу. «Доминанттуулук» терминин Г. Мендель кир­гизген. Ал түрдүү белгиси бар буурчактарды ар­гындаштыруудан Доминанттуулукту аныктаган. Мисалы, сары ж-а жашыл уруктуу буурчактарды аргындаш­тырганда 1-муундун (F) уруктары сары болуп ка­лат да, жашыл уруктарга үстөмдүк кылат, башкача айтканда жашыл урук көмүскөдө калат. Үстөмдүк кыл­ганы доминаттык (А), көмүскөдө калганы рецес­сиялык (а) аллель деп аталат, к. Мендель за­кондору.